«Первая металлобаза» облигациялар боюнча 3,3 млн сом киреше төлөдү

30 марта 2023, 11:40

"Первая металлобаза" ЖЧКсы 6-чыгарылыштагы облигациялар боюнча киреше төлөдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Ошентип, чегерилген кирешенин жалпы суммасы 3 миллион 446 миң 240 сомду түздү. Алар 171 облигация ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Ошол эле учурда 140 баалуу кагаз кармоочуга 3 миллион 340 миң 640 сом төлөндү.
Ал эми 31 облигация ээси келбегендиктен акча ала элек.