Биринчи эл аралык аскердик өнөр жай көргөзмөсү 2022-жылга жылдырылды

5 октября 2021, 12:47

Буга чейин 2021-жылы Бишкекте пландаштырылган Defindex көргөзмөсү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өтпөйт. Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында иш-чараны кийинки жылга калтыруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Көргөзмөгө Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн ири өнөр жай ишканаларынын жана аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларынын продукциялары коюлары такталган.

Ошондой эле, Кыргызстандын атайын жана коопсуздук структураларынын, тармактык, өндүрүштүк, илимий жана билим берүү мекемелеринин жана чет элдик куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын, мамлекеттер аралык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.

Бул иш-чараны Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Коргоо министрлиги уюштурат.