Бишкек мэриясы 350 экобус жеткирип берүүчү подрядчик тапты

4 июня 2021, 15:40

Бүгүн мэриянын жыйын залында “СамАвто” ЖЧКсы чыгарган ISUZU япон маркасындагы автобустарды жеткирүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга ылайык, Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясы ушул жылы газ кыймылдаткычынын күйүүчү майы менен иштеген өзбек өндүрүшүнүн жапониялык ISUZU брендинин кеминде 350 экологиялык автобустарын каттамдарга жеткирүүгө милдеттенет. Келишимдин шартына ылайык, автобустардын биринчи партиясы 2021-жылдын 1-июлуна чейин шаардын каттам линияларына жеткирилиши керек.