Биринчи май акимиаты долбоорго инвесторлорду издеп жатат

22 декабря 2022, 10:18

Биринчи май акимиаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлорду кызматташууга чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, Биринчи май районунда электр менен жүрүүчү унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу электромобилдер үчүн атайын станцияларды орнотуу пландалып жатат.

Учурда шаардык кызматтар менен макулдашуу процесси жана станциялардын жайгашуу ордун аныктоо иштери жүрүүдө.