Биринчи RestPoint Кеминде ачылат

29 декабря 2022, 11:09

Кыргызстандагы биринчи RestPoint Кеминде ачылат. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, учурда курулуш аяктоо алдында турат.

Буга чейин өлкө боюнча жалпысынан 68 эс алуу жайлары курулары кабарланган.

“Кеминде бардык эс алуу жайларындай эле душ жана ажаткана, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын жабдылган даараткана, намазкана, чакан кофекана, сувенирлерди сатып алуучу күркө, заряддоо пункттары бар. RestPoint жыл бою иштейт”, - деп белгиледи фонд.

RestPoint бул туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу, гаджеттерди же электр унаасын кубаттоого боло турган жай. Ар бир мекемеде саякатчылар үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды камтыган туристтик интерактивдүү дисплей орнотулат.