Свердлов районундагы мектептерди тамак-аш менен камсыздоого тендер жарыяланды

21 ноября 2022, 16:16

Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү борбору аталган райондун мектептерине ысык тамак сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 81 миллион 617 миң 880 сомду түзөт. Аны аткарган тарап 2023- окуу жылында Свердлов районундагы 27 мектепти ысык тамак менен камсыз кылууга тийиш.