Салыкты чогултуу 100% ишке ашты

4 сентября 2019, 14:40

Август айында өлкөнүн казынасына салыктан 7 млрд 532 млн сом түшкөн. Бул өткөн жылга салыштырып караганда, 311.7 млн сомго көбүрөөк чогулган. Бул билдирүүнү КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. 

Салык кызматы билдиргендей, салык чогултуу планы электрондук кызматтарды колдонуу, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу аркылуу ишке ашкан. 

«Август айынын жыйынтыгы менен автортранспортко болгон салыктан 44.1 млн. сом, өткөн жылдагыдан дагы көп чогулган, жер участогуна төгүлгөн салык – 19 млн. сомго, турак-жай жана батирлерге төгүлгөн салык 9,8 млн сомго көп чогулган», - деп айтылат билдирүүдө. 

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 8 айында салык жана төлөмдөрдөн 52 млрд 550 млн сом чогулган. Ал эми 2018 – жылы бул көрсөткүч 1 млрд 792.8 млн сомду түзгөн.