ЕАЭБ КР казынасына түшкөн бажы төлөмдөрүнүн 71,3%ын камсыздады

10 июля 2023, 15:59

Кыргызстандын республикалык бюджетине ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн 12,2 миллиард сом бажы төлөмдөрү түшкөн. Бул белгиленген пландан 10,9%га, же 1 млрд 197,7 млн ​​сомго көп экени Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Жалпысынан 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик казынага 17,1 миллиард сом бажы төлөмдөрү чогулуп, анын 71,3% ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн.

Маалымдалгандай, алты айда Мамлекеттик бажы кызматы 48,8 миллиард сомдук төлөмдөрдү чогултуп, пландан 8,7%га көп чогулткан.