Чет элдик насыяны төлөө 126% ишке ашты

11 сентября 2019, 13:10

2019 – жылдын январь-август айларында чет элдик насыяларды жана бюджеттик ссуданы  кайтарууга 3 млрд 469 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен 2.4 млрд. сом карызга төлөнсө, 1 млрд – өскөн пайызга жана айыпка төлөнгөн. 

Чет элдик насыяны төгүүгө 3 млрд. сомдон ашык бөлүнгөн. Анын 454 млн. сому бюджеттик ссудага төгүлгөн. 

Маалыматка ылайык, насыя төлөө 126 % түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу төлөмдөр 
65.8% өскөн.