Анкарадан Бишкекке жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

29 мая 2023, 10:04

Анкара – Бишкек – Анкара аба каттамы 3-июнда кое берилет. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркиянын борбор шаарына учактар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми августтан тарта каттам күн сайын аткарылып баштайт.