Бишкектен Сианьга үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу пландалууда

10 января 2023, 09:14

Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы келерки айда Сиань-Бишкек-Сиань каттамы боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты. 

“Манас” эл аралык аэропортунан Кытайдын ири шаарларынын бирине биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат. 

Жаңы багыт боюнча биринчи рейстин алдын ала датасы 11-февраль. Сианьга каттамдар жумасына бир жолу, ар жекшембиде аткарыла тургандыгы күтүлүүдө.