БАЭден Ошко үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда

31 октября 2022, 12:30

Ушул жылдын 3-ноябрында Дубай —  Ош — Дубай багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Fly Dubai Дубай эмиратынан Ош эл аралык аэропортуна жумасына эки жолу – шейшемби жана жума күндөрү каттамдарды аткарат.

Аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жети жылдык тыныгуудан кийин биринчи жолу аткарылат.