Новиков: Туризм боюнча план ишке ашпай, кагаз жүзүндө эле калууда

14 января 2021, 17:00

Премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун тапшырмасына ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министри туризм тармагын өнүктүрүү боюнча 2021-жылга карата стратегияны иштеп чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалды. 

 

 

2021-2023-жылдарга Туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны мындан ары карай өнүктүрүү планы жана Туризм тармагындагы ченемдик базаны мамлекеттик жөнгө салуу, калыбына келтирүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча план иштелип чыккан.

Новиков белгилегендей, жылдан-жылга пландар жазылганы менен алар иш жүзүндө ишке ашырылбай келет. 

 

«Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу. Жылына 10 млн сом киреше алып келген «Витязь» пансионаты да Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген соң, чыгашалуу болуп калды. Жеке секторду активдүү ишке тартып, башкалар менен катар тийиштүү механизмдерди жана чечим долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле ишке болгон мамилени өзгөртүү керек», - деди премьер-министр.