«Диджитал Пэйментс-К» төлөм уюму аталышын өзгөрттү

26 мая 2023, 09:55

"Диджитал Пэйментс-К" төлөм уюму өзүнүн юридикалык аталышын өзгөрттү. Улуттук банк буга байланыштуу лицензияны кайра чыгарды.

Эми ал “Фридом Пэй Кыргызстан” ЖЧКсы деп аталат.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, уюм кайра каттоо процедурасынан 25-апрелде өткөн.

Белгилеп кетсек, "Фридом Пэй Кыргызстан" чет элдик катышуучусу бар компания, анын директор катары Атай Соронкулов көрсөтүлгөн.