Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна айып салынды

25 мая 2022, 14:47

Улуттук банк төлөм системасынын операторлорунун бирине/төлөм уюмуна банктык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Белгилүү болгондой, айып салуу чечими 24-майда төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жаатындагы мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынган.

Уюмдун аты айтылган жок.