Төлөм оператору 46 миң сом айыпка жыгылды

27 августа 2021, 09:01

Кыргызстандын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитетинин токтомуна ылайык, "Грин Лайн ЖСМ" ЖЧКсына айып пул салынды. 

Муну менен төлөм системаларынын оператору 46 миң сомдон ашык акча төлөөгө мажбур болот.

Ачык маалыматтар боюнча, "Грин Лайн ЖСМ" ЖЧКсы Жалал-Абад облусунда катталган. Анын ээси катары Адилбек Жоробаев жазылган.