Нарындагы «Ак-Коргон» кум-шагыл аралашмасы 43.5 миң$ сатылды

1 октября 2019, 13:00

Нарын аймагында жайгашкан «Ак-Коргон» кум-шагыл аралашмасын сатуу боюнча Нарын райондук мамлекеттик админстрациясынын аянтында 14 – сентябрда аукцион өткөзүлдү. 
Аукционго 5 компания катышкан: ОсОО «Нарын Цемент», ЖИ Сулайманов Т.К., ОсОО «Ашар ЛТД», ЖИ Аттокуров Б.К. жана ОсОО «Булут».

Баштапкы баа 141$ башталган. Аукциондун жыйынтыгы менен Бакытбек Аттокуров аттуу ишкер 43.5 миң $ сатып алды. Тынчтыкбек Сулайманов атуу ишкер 500$ аз (43 миң$)  сунуштаган. 

Аянт Нарындын түндүк жагында жайгашкан 340 км узундуктагы Бишкек автожолу менен байланышкан. Балыкчы темир жол станциясынан 180 км алыстыкта жайгашкан. Учурда керектелүүчү курулуш материалдын бардыгы менен камсыз болгон.