Кыргызстандын ИДПсы бир айда 71 млрд сомго өстү

12 ноября 2021, 11:01

Ушул жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 556 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү 2021-жылдын он айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДП 1,6%га өскөндүгү такталды.

"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДП 506 млрд сомдон ашыкты түзүп, 4,1%га өстү", - деп айтылат статистикалык бөлүмдүн маалыматында.

Кошумчалай кетсек, ИДП бир айда 71 млрд сомго же 14,63%га өскөн (2021-жылдын январь-сентябрь айларында 485 млрд сомду түзгөн).