Өткөн жылдын жыйынтыгында жумушсуздардын саны 2,5% азайды

15 мая 2023, 12:25

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жумушсуздардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.

"Отчеттук мезгилде республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2 миллион 537,9 миң адамды, жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү.

Белгилеп кетсек, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.