Жүгүртүү мөөнөтү 15 жылдык мамлекеттик казына облигацияларынын аукционунун жыйынтыгы боюнча бюджетке пландалгандан эки эсе аз тү

13 декабря 2021, 17:07

Бүгүн, 13-декабрда жүгүртүү мөөнөтү 15 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча бюджетке 150,17 млн сом түштү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бул пландаштырылгандан дээрлик эки эсе аз. Мамлекеттик баалуу кагаздардын бир нускасынын номиналдык баасы 73,88 сом, кирешелүүлүгү 13 пайызды түздү. 

Кошумчалай кетсек, 9-декабрга карата Кыргызстандын 15 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелери 347 млн сом болгон.