Аукциондун жыйынтыгында Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөгөн

3 ноября 2021, 09:22

Улуттук банк 2-ноябрда ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Пландаштырылган жайгаштыруу суммасы 9,1 млрд сомго бааланган

Жайгаштыруунун жыйынтыгында жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,02%, 6,41% жана 6,65%ды түзгөн. 26-октябрдагы аукционго салыштырмалуу бардык ноталардын кирешелүүлүгү орточо 0,03%га төмөндөгөн.

2-ноябрга карата 17 миллиард 145 миллион 620 миң сомдук ноталар жүгүртүүдө болгон.

Эске салсак, Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун негизги максаты банк тутумунан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү алып салуу болуп саналат. Бул операциялар экономикадагы акчанын көлөмүн азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.