Евразиялык форумдун жыйынтыгы боюнча 10 документке кол коюу пландалууда

26 мая 2022, 09:13

Евразиялык экономикалык форумдун алкагында 10 документке кол коюу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтин жолугушуусунда маалым болду. 

Арзыбек Кожошевдин айтымында, Евразиялык экономикалык форумду 2022-жылдагы эң ири иш-чаралардын бири деп атоого болот.

“Форумда 35 иш-чара, анын ичинде 21 тематикалык сессия болот. ЕАЭБдин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, форумдун жыйынтыгында 10 жыйынтыктоочу документке кол коюу пландалууда”, — деди Арзыбек Кожошев.

Бүгүн Бишкекте Евразиялык экономикалык форум башталат.