Жети айдын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасынын өсүү темпи 7,7% түздү

30 августа 2022, 11:31

Кыргызстандагы экономикалык жигердүүлүк ички суроо-талаптын туруктуу калыбына келиши менен колдоого алынууда, деп жазды Улуттук банк.

2022-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүү темпи 7,7%ды түздү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда – 4,7%.

“Сектордук жактан алганда өндүрүштүн эң чоң өсүшү өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарбасында байкалууда. Ички керектөөнүн өсүшүнө кошумча дем берүүчү таасир кредиттик активдүүлүктүн жана акча которуулардын өсүшү менен камсыз кылынат”, - деп түшүндүрдү Улуттук банк.