2021-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча Кумтөр өнөр жайдын 43,7% ээледи

18 мая 2021, 13:10

2021-жылдын январь-апрель айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 93,5 миллиард сомдон ашты. Анын ичинен 43 миллиарддан ашык сомду Кумтөр кенин иштетип жаткан ишканалар ээлейт. Бул тууралуу статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн 8,6% электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө туура келет. 

Ушул жылдын апрель айында өнөр жайдын көлөмү 25,6 миллиард сомду түздү. Кумтөр кенин эсепке албаганда, бул көлөм 13,8 миллиард сомду гана болот.