Өлкө боюнча Ош облусунун дыйкандары сүттү эң жогорку баада сатат

18 марта 2024, 12:03

Кайра иштетүүчү ишканалар сүттү литрин 34-40 сомдон сатып алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда Ош облусунан алынган сүт кайра иштетүү ишканаларына эң кымбат - литри 40 сомдон:

  • Талас облусунда – 26 сомдон 28 сомго чейин;
  • Ысык-Көлдө - 28 сомго;
  • Нарын облусунда 27 сомдон 30 сомго чейин, ал эми дүкөндөрдө 40 сомго чейин;
  • Жалал-Абадда - 35 сомго;
  • Чүй облусунда 32 сомдон 38 сомго чейин баада сатып алышат.

Ошол эле учурда жергиликтүү калк чийки сүттү дүкөндөрдө 35 сомдон 70 сомго чейин, ал эми пастерленген 2,5% сүттү 55 сомдон 120 сомго чейин сатып алышат.