Таластагы мэриянын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

10 января 2023, 16:37

Талас облусунда “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Талас шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталды. 

Мамлекетке 30 миллион сомдук зыян келтирилген.

“Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин төрагасы Ж.А.Д., вице-спикери К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. муниципалдык жер тилкелерин жеке ишкердик субъекттерине ижарага берип, түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алышкан”, - деп билдирди УКМК.