«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун алкагында 4,7 млрд сомдон ашык насыя берилди
“Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоорунун үч категориясы боюнча жалпы суммасы 4 миллиард 718,2 миллион сомго 8 миң 280 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Белгилеп кетсек, акыркы отчет 6-декабрдан бери дагы 6 насыя берилген.
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” категориясы боюнча жалпы суммасы 1 миллиард 203,8 миллион сомго 2 миң 935 насыя берилген.
- “Мал чарбачылыгы” категориясы боюнча жалпы суммасы 2 миллиард 434,6 миллион сомго 4 миң 994 насыя берилген.
- “Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү” багытында жалпы суммасы 1 млрд 79,7 млн сомдук 351 насыя берилген.
Кошумчалай кетсек, насыялар “Айыл Банк”, “РСК Банк”, “KICB”, “Капитал Банк”, “Коммерциялык банк Кыргызстан”, “Кыргызкоммерцбанк” жана “Капитал Банк” банктары аркылуу берилет.