Декабрь айындагы бюджеттин кирешесинин 16%дан ашыгы – тышкы жардам

15 декабря 2021, 17:12

Кыргызстандын бюджетинин кирешеси Финансы министрлигинин кассалык планына ылайык, декабрь айында ноябрь айына карата 163,8 миллион сомго азайып, 20 миллиард 91 миллион 792,4 миң сомду түзөт.

Ошол эле учурда донорлордун колдоосу болбосо, бюджеттин кирешеси мындан да аз болушу мүмкүн эле. Ошентип, декабрь айында алардын расмий трансферт түрүндөгү салымы 3 миллиард 256 миллион 908 миң сомду түзөт. Ноябрь айына салыштырганда алардын көлөмү 3,5 эсеге өсөт.

Кошумчалай кетсек, декабрь айынын бюджетинин жалпы ресурсу 33 миллиард 227,4 миллион сомду түзүп, мурунку айга карата 4,34%га өсөт.