Жүз отуз миңдей кыргызстандык аптасына элүү бир сааттан ашык иштейт

9 ноября 2022, 10:44

Өлкөдө 129,9 миң кыргызстандык негизги жумуш ордунда жумасына 51 сааттан ашык иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Иш менен камсыз кылуу жана жумушсуздук. Үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчүн комплекстүү тандап изилдөөнүн жыйынтыктары” аттуу изилдөөдө белгилүү болду.  

Алардын ичинен 23,1 миңи 25тен 29 жашка чейинкилер, 19,4 миңи 30дан 34ка чейинкилер болсо, 17,5 миңи 40тан 44 жаш курагындагы эмгеккке жарамдуу жарандар болууда.

Изилдөөгө ылайык, бир жумада 1 миллион 64 миң жумушчу 36-40 саат, 601,2 миң адам 46-50 саат, 170,2 миң адам 10 сааттан аз, 158 миң адам 16-20 саат иштейт. Ошондой эле, 149,8 миң адам аптасына 41-45 саат, 77,6 миң адам 26-30 саат, 69,1 миң адам 21-25 саат, 55,2 миң адам  11-15 саат эмгектенет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдө “жумуш күчү” категориясына  2 миллион 537,9 миң жаран кирет.