Тез жардам унааларын сатып алууга дээрлик 170 млн сом бөлүндү

13 мая 2022, 10:06

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү.  Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, бул бюджеттик каражаттар “Акылдуу шаар” долбоорунун” Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык бөлүнгөн.