Микрокредиттердин дээрлик 50% керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына кетет

18 ноября 2022, 11:51

Ушул жылдын алгачкы тогуз айында микрокредиттик уюмдар 28,5 миллиард сомго насыя беришти. Микрокредит алуучулардын саны 476 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Статистикалык маалыматка ылайык, өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу быйыл микрокредит алган жарандардын саны 2,9%га азайган. Тескерисинче, микрокредиттердин көлөмү 4%га өскөн. 

Микрокредиттердин басымдуу бөлүгү, 18,5%ы Бишкек шаарында берилсе, 17,4%ы  Ошто берилген.  Чүйдө  16,1%  болсо, Жалал-Абадда 14,5% микрокредит берилген.
Калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 47%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына, 24%га жакыны айыл чарба ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, 11%ы соода жана коомдук тамактанууга, 7%ы курулушка багытталган.

Быйыл январь-сентябрь айларында микрокредиттерди төлөөнүн ставкасы белгиленген мөөнөттөрдө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка өсүү менен 92,9%ды түздү.