50дөй ишкер жөнөкөйлөтүлгөн жаңы салык режимине өттү

5 июля 2021, 18:00

Ушул жылдын 1-апрелинде чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде жаңы салык салуу тутуму киргизилген. Жөнөкөйлөтүлгөн салык режими башталгандан бери 49 ишкердик субъекттери салык органдарына бул тутумга өтүү үчүн арыз беришкенин Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

49 жеке ишкердин 39у Бишкек шаарында, 7си Чүй облусунда, Талас жана Нарын облустарында бирден иш алып барган субъекттер.

Бул салык режими ишкердин ишин жеңилдеткен бир катар артыкчылыктарга ээ. Аны колдонуунун биринчи жылында "нөл" ставкасы белгиленди, экинчи жылы - 1%, үчүнчүсүндө - 2%, төртүнчү жылдан баштап - 3% накталай төлөнсө, накталай эмес формада төлөө учурунда салыктын ставкасы 50% га төмөндөтүлөт.

Эскерте кетсек, жеке ишкерлер жаңы жөнөкөйлөтүлгөн салык тутуму боюнча чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде иштей алышат.