Кыргызстанда баалуу металл көп өндүрүлөт

15 февраля 2021, 11:00

2020-жылы өнөр-жайда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 319.3 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен 60% же 190 млрд сом баалуу металлдар болуп эсептелинет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты. 

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ишканалары отчеттук мезгил ичинде 31.4 млрд сомго тамак-аш продукцияларын, суусундук жана тамеки өндүргөн. Пластика жана резина буюмдары 18.1 млрд сомго өндүрүлгөн. 

 

28.6 млрд сомго электр энергия, 5.2 млрд сомго газ өндүрүлгөн. Пайдалуу азыктар 17.8 млрд сомго казылган. Анын ичинен 9.9 млрд сом – металл рудасы, 3.8 млрд сом – чийки мунай жана жаратылыш газы, 3.3 млрд сом – таш көмүр.