Кыргызстанда жумуртканын дээрлик 75%ы Чүй облусунда өндүрүлөт

26 апреля 2023, 10:52

Быйылкы жылдын үч айында Кыргызстанда 134 миллион 394,2 миң жумуртка өндүрүлгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 26,8%га көп. Мындай өсүш Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан кластердик системага байланыштуу.

Ошол эле учурда өндүрүштүн дээрлик 75%ы Чүй облусуна туура келген. Январь-март айларында өндүрүүчүлөр 100,3 миллион даана жумуртка менен камсыздашкан. Ал эми эң аз көлөм Бишкекте - 118 миң даана.