Ысык-Көл облусунда 105 млн сомго жаңы мектеп курулат

25 октября 2021, 16:14

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясы Жети-Өгүз районунун Ан-Остон айылындагы мектептин курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Социалдык объекттин курулушуна 104 млн 646,6 миң сом сарптоо пландалууда. Мектеп 275 окуучуга ылайыкташтырылган жана өзүнүн спорттук залы болот.

Белгилей кетсек, курулуштун качан аягына чыгары так белгиленген эмес.