Кыргызстанга унаалардын импорту дээрлик үч эсеге өстү

27 сентября 2022, 11:57

2022-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга автоунаалардын импорту 2,9 эсеге өстү. Маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда камтылган.

Кыргыз Республикасына эң көп автоунаа Грузиядан – 6,2 миң, ошондой эле Орусиядан (3 миң 688 унаа) жана Түштүк Кореядан (3 миң 331) алынып келинген.

Кошумчалай кетсек, быйыл АКШдан автоунаалардын импорту 3,7 эсеге өскөн. Эгерде өткөн жылы республикага 555 автомашина алынып келинсе, быйыл 2590.

Импорттоочулардын тизмесине импорту 100 бирдиктен аз болгон дагы 24 өлкө кирет.

Импорттук жеткирүүлөр акчалай түрдө 166,6 млн долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 эсеге көп. Ошол эле учурда акчалай түрдө импорттун көлөмү боюнча Россия жана Казакстан лидер болуп саналат.