Фонддун кепилдиги менен бизнес 1 млрд сомдон ашык насыя алган

24 мая 2022, 09:08

Ушул жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин Кепилдик фонду кепилдиктерди берүү аркылуу 200дөн ашык ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн насыя алууда колдоо көрсөткөн.

Беш айга жетпеген убакытта республиканын банктары күрөөнүн жетишсиздигине дуушар болгон кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 1 миллиард сомдон ашык кредит берген. Анын ичинен 30% кепилдик түрүндө берилген “Кепилдик фонд” ААКнын финансылык ресурстары болгон.

Мурдагыдай эле быйылкы жылы берилген кепилдиктердин жана кредиттердин басымдуу бөлүгү региондордо чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган – 84%.

“Фонддун кепилдиктеринин 50%дан ашыгы сооданы, өнөр жайды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө кредит берүүнү камсыз кылган – тиешелүүлүгүнө жараша 24%, 17% жана 12%. Бардык берилген кепилдиктердин үчтөн бири айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган, анын бир бөлүгү – 21%ы айыл чарбага, калганы – 12%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө”, - деп айтылат маалыматта.