Памирлик кыргыздарга Ош облусунан 70 гектар жер бөлүндү

27 июля 2022, 10:03

Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздарга конуш үчүн 70 гектар жер бөлүндү. Айылдын курулушуна республикалык бюджеттен 300 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Курулуш кийинки жылдын жазында башталат.

Министрдин айтымында, жакынкы 2-3 жылда Чоң-Алай районуна 1,5 миңге жакын памирлик кыргыздарды же 400 үй-бүлөнү көчүрүү пландалууда.