Сомду колдоо Улуттук банкка жарым млрд доллар зыян келтирди

14 марта 2023, 09:47

Ички валюта рыногунда Кыргызстанда 2022-жылдын төртүнчү чейрегинин айрым мезгилдеринде тышкы жана сезондук факторлордун күчөшүнөн улам чет өлкө валютасына суроо-талаптын анын сунушунан басымдуу болушу байкалган.

Мындай шарттарда Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында чет өлкө валютасын нак эмес формада сатуу боюнча валюталык интервенцияларды жүргүзгөн. Октябрдан декабрга чейинки мезгилде ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сатуунун жалпы көлөмү 202,2 млн долларды түздү.

"Жалпысынан 2022-жылдын 3-кварталына салыштырмалуу доллардын сомго карата өзгөрмөлүүлүгү жогорулады. Америка валютасынын сомго карата курсунун өзгөрүү диапазону 80,1763 сомдон 85,68 сомго чейин өзгөрдү. Орточо алмашуу курсу 3,1%га жогорулап (2022-жылдын 3-кварталында бул көрсөткүч 0,5%га төмөндөгөн) 83,8039 сомду түздү", - деп белгилейт жөнгө салуучу.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы жалпысынан 486,5 миллион доллар сатса, анын 66,7 миллион доллары накталай болгон. Ошол эле учурда регулятор тарабынан долларды сатуу биринчи жана төртүнчү кварталда гана ишке ашырылган. Мында Улуттук банк биринчи жана экинчи кварталда доллар сатып алган – 190,7 млн. Ошентип, 2022-жылы Улуттук банктын долларды таза сатуусу 295,8 миллион долларды түздү.