ШКУ даярдык үчүн Бишкек шаардык казынасынан 73 млн сом коротулду

18 июня 2019, 13:30

ШКУ саммитине даярдык көрүү үчун шаардык кызматтардын казынасынан 73 млн 676миң сом коротулган. Бул тууралуу Азиза Суракматовго таянып «24.kg» МА билдирет.

Каражаттын көбү жолду жамоого, жарыктандырууга, шаардык аймакты тазалоого жана жашылдандырууга кеткен. Алсак, «Бишкекасфальтсервис» 40 млн сом, «Бишкекшаардыкжарык» – 12 млн 556 миң, «Тазалык» – 6 млн, «Бишкекжашылдандыруу» – 6.5 млн сом коротушкан. 

Мындан тышкары каражаттар райондук администрацияларга дагы бөлүнгөн : 3 млн 675 миң сом –Биринчимай районуна, 2 млн – Ленин акимиатына, 1 млн 334 миң– Октябрь районуна жана 686  миң – Свердлов районуна бөлүнгөн.

«Баардык иштер аяктады. Учурда баардык шаардык кызматтар аткарылган иштерине отчетторду тапшырууда», –деп кошумчалаган шаар башчысы Азиз Суракматов.