Орто-Токой чакан ГЭСин Кытайлык компания курат

24 марта 2023, 14:10

Бүгүн, 24-мартта "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана "China National Heavy Machinery Corporation" компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг ортосунда Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Гидроэлектростанция Орто-Токой суу сактагычында курулат.

"Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 мин ГА жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.