Кыргызстан менен беларусиялык компания таштандыларды кайра иштетет

6 декабря 2022, 15:21

Жаратылыш ресурстары министрлиги менен “Сифания-Экотехника” ишканасынын ортосунда таштандыларды кайра иштетүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, 2-декабрда Беларуссиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко жана “Сифания-Экотехника” унитардык ишканасынын директорунун орун басары Александр Соболевский менен жолугушуу болду.

Жолугушууда экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, таштандыларды чыгаруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле, Кыргызстандын аймагында катуу тиричилик жана өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыгууда.

“Беларусиялык компания өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөөдө жогорку технологиялык концепцияны иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт”, - деп белгиледи Жаратылыш ресурстар министрлиги.