Бишкек—Балыкчы поезди 15-августтан тарта жанданат

12 августа 2022, 16:20

Бишкек—Балыкчы багыты боюнча республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд 15-августтан тарта жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Ал борбордон Бишкек-2 станциясынан саат 7.40та чыгып, Рыбачье станциясына 11.42де келет. Поезд Рыбачье станциясынан кайра саат 17.48де жөнөп, Бишкек-2 станциясына 21.50дө келет.

Билеттердин баасы вагонуна жараша өзгөрөт: кадимки вагон – чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом, люкс вагону – чоңдор үчүн 500 сом, балдар үчүн 250 сом.

Эске салсак, Боом капчыгайындагы селдин кесепеттеринен улам Бишкек—Балыкчы поезди убактылуу токтотулган.