Чек арачылар 240 миң сомдук товарлардын аткезчилик фактысын аныкташты
Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 28-сентябрында контрабандалык товарлардын мыйзамсыз аткезчилигин токтотушкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Каражантак аймагында 1995-жылы туулган З.Ш.У аттуу адам башкарган Honda CRV унаасы кармалган. Айдоочу Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө кийим алып өтүүгө аракет кылган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн баасы 240 миң сомдон ашты", - деп айтылат маалыматта.