Чек арачылар аткезчилик жол менен ташылып бараткан жүктү аныкташты

2 августа 2021, 14:00

Баткен отрядынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте контрабандалык жүктөрдү чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү токтотту, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Чек арачы УКМК кызматкерлери менен биргеликте KIA үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Бирок айдоочу чек арачылар менен УКМК кызматкерлеринин талабына көңүл бурбай, чек араны көздөй жыла берген.

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтпөө үчүн чек арачы асманга эскертүүчү ок чыгарууга аргасыз болгон, андан кийин айдоочу токтогон.

Жагдай такталганда, кармалган адам Кыргызстандан Тажикстандын аймагына 1,5 миң килограмм кургатылган тамекини алып кетүүгө аракет кылып жатканы белгилүү болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүк орган кызматкерлерине кошумча иликтөө үчүн өткөрүлүп берилди.