Баткендеги чек арада мыйзамсыз ташылган көмүр аныкталды

19 июля 2021, 12:10

Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери чек арадан мыйзамсыз көмүр ташууну токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Д.М жана Б.А.У. аттуу жарандары Кароол-Дөбө аймагында  SHACMAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Кыргызстандан Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары кетип бара жатып кармалган. 

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана көмүр кошумча иликтөө үчүн орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.