Чек арачылар кезектеги контрабандалык жүктү кармашты

14 ноября 2019, 10:21

Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери, Кыргызстандан контрабандалык жүктү өзбекстанга өткөрүп кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын эки жаранын кармашты. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, эки кыргызстандык Hyundai-Porter үлгүдөгү эки автоунаага керектелүүчү товарларды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылышкан. 

Жүктүн жалпы баасы 285 миң сомду түзгөн. 

Керектүү документтерди катталган соң, кармалган жарандар жана контрабандалык жүк Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.