Чек арачылар 1 млн сомдук аткезчилик менен ташылып келе жаткан товарды аныкташты

9 марта 2020, 09:55

Баткен облусунда баасы 1 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Лейлек районунун Сай жергесинде 33 жаштагы У.А. аттуу КР жараны көзөмөл-өткөрмө бекетинен тышкары Тажикстандан Кыргызстанга жүк алып өтүүгө аракет кылган. Ал жаран өлкөгө 15 тонна жашылча алып келе жаткан. Айдоочуда жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Ошондой эле Арка айылында «Мерседес-Бенц Атего» унаасы менен Тажикстанга аткезчилик жол менен 17 тонна ун алып чыгууга аракет кылган КР жарандары кармалган.

Кармалган жүктөрдүн баасы дээрлик 1 млн сомду түзгөн.

Кармалган жүктөр менен КР жарандары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.