Чек арачылар 325 миң сомдук контрабандалык жүктү кармашты

22 апреля 2021, 11:30

Баткен облусунун Сай Лейлек районунун аймагында чек арачылар отряды жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан контрабандалык жүк менен "Мерседес-Бенц Гигант" жана "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү эки унаа кармалды, Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандан барган жарандар 3,5 тонна капуста жана 600 килограмм кулпунайды уруксаты жок ташууга аракет кылышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн баасы 325 миң сомду түзгөн.

Кармалгандар жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени маалым болду.