ЕАЭС мамлекеттер ичинен Бишкекте айлык акынын саны аз өлчөмдө төлөнөт

19 сентября 2019, 17:30

Бишкекте орточо айлык менен соода жүргүзүү ЕАЭС мамлекеттеринин борборлорунун ичинен начар көрсөткүчтү берген. Мунун себеби, айлык акынын аздыгы деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Бишкек шаарында орточо айлыкка 70 кг уй этин, Нур-Султан шаарында орточо айлыкка 155 кг уй этин сатып алса болот. Ал эми Минск шаарынан – 174 кг, Москвадан – 229 кг уй этин сатып алса болот. Москвада алган эмгек акыга 3.2 тонна картошка, ал эми Бишкектен болгону бул айлыкка 1.1 тонна картошка келет. 

Официалдуу билдирүүгө караганда, 2019 – жылдын июль айында Бишкекте орточо айлык – 336 $ , Минскиде – 764 $ түзгөн. Москвада орточо айлык июнь айында 1.5 миң $ түзсө, Нур-Султан шаарында орточо эмгек акы 2 кварталга 748$ чейин жеткен.